Tazabek — Чүй облусунун Кемин районунда Ufa сыр азыктарын чыгаруучу цехтин (United Food Alliance) ачылыш аземи өтүп, анда «Айыл Банк» ААКсы өнөктөш катары иш алып барды. Ufa цехи биздин банктын лизингчиси. Компания буга чейин сырдын катуу жана жарым катуу түрлөрүн өндүрүү үчүн жабдууларды лизингге алып келген.