Популярные темы

«Айыл Банк» ААКсы өнөктөш катары Кемин районундагы Ufa сыр азыктарын чыгаруучу цехтин ачылышына катышты

Дата: 09 октября 2023 в 15:04 Категория: Новости экономики


«Айыл Банк» ААКсы өнөктөш катары Кемин районундагы Ufa сыр азыктарын чыгаруучу цехтин ачылышына катышты
Стоковые изображения от Depositphotos

Tazabek — Чүй облусунун Кемин районунда Ufa сыр азыктарын чыгаруучу цехтин (United Food Alliance) ачылыш аземи өтүп, анда «Айыл Банк» ААКсы өнөктөш катары иш алып барды.

Ufa цехи биздин банктын лизингчиси. Компания буга чейин сырдын катуу жана жарым катуу түрлөрүн өндүрүү үчүн жабдууларды лизингге алып келген. Учурда Ufa жакынкы айылдардын жана конуштардын тургундарынан сүт сатып алууда, ошондой эле 12 адамды жумуш менен камсыз кылууда. Завод кадимкидей ишке киргенден кийин суткалык керектөө 10 тоннаны түзүп, жумушчулардын жумушу көбөйүп, кошумча жумуш орундары түзүлөт.

Мындай заводдордун ишке кириши жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик өнүмдү өндүрүү; салыктардан жана башка жыйымдардан бюджеттин кирешелерин көбөйтүү, ошондой эле өлкөнүн өнөр жай жигердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана жогорулатууга көмөктөшөт.

Кененирээк маалыматты ар дайым ab.kg сайтынан же төмөнкү номерлерден ала аласыз:

5511 (чалуу акысыз)

0312 68-00-00

Айыл Банк — сизге жакын!

За последними событиями следите в Телеграм-канале @tazabek_official

По сообщению сайта Tazabek

Тэги новости: Новости экономики
Поделитесь новостью с друзьями