Tazabek — Соңку учурда Кыргызстандын банктары «Мурабаха» келиши менен көбүрөөк иштей баштады, анын маңызы төмөнкүдөй; кардар банкка белгилүү бир товарды сатып алуу өтүнүчү менен кайрылат. Банк бул нерсени кардарга жалпы сумманы жана кошумча пайданы камтыган баада сатат, бирок үстөк пайызсыз. Ошентип, банк кардар менен товар берүүчүнүн ортосунда ортомчу болуп, товардын сатып алуу баасы менен сатуу баасынын ортосундагы айырма түрүндө пайда алып келет.Каржылоону ислам принциптеринин шарттарына макул болгон адам динине карабастан ала алат.