Популярные темы

Ислам принциптери боюнча каржылоонун өзгөчөлүктөрү

Дата: 26 февраля 2024 в 09:04 Категория: Новости политики


Ислам принциптери боюнча каржылоонун өзгөчөлүктөрү
Стоковые изображения от Depositphotos

Tazabek — Соңку учурда Кыргызстандын банктары «Мурабаха» келиши менен көбүрөөк иштей баштады, анын маңызы төмөнкүдөй; кардар банкка белгилүү бир товарды сатып алуу өтүнүчү менен кайрылат. Банк бул нерсени кардарга жалпы сумманы жана кошумча пайданы камтыган баада сатат, бирок үстөк пайызсыз. Ошентип, банк кардар менен товар берүүчүнүн ортосунда ортомчу болуп, товардын сатып алуу баасы менен сатуу баасынын ортосундагы айырма түрүндө пайда алып келет.

Каржылоону ислам принциптеринин шарттарына макул болгон адам динине карабастан ала алат. Эң негизгиси каражат алкоголдук ичимдиктерди, тамекилерди сатып алуу, сатуу, күрөөкана ачуу сыяктуу шариятка каршы келген максаттарга сарпталбашы керек.

Ислам каржылоосу социалдык адилеттүүлүккө жана туруктуу өнүгүүгө багытталат. Каражат инфраструктуралык долбоорлор, билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу коомдук жыргалчылыкка салым кошкон долбоорлорго жумшалышы керек.

Жалпылап айтканда, ислам каржылоосу салттуу финансылык моделдерге уникалдуу жана этикалык альтернатива болуп саналат. Учурда бул тармак дүйнө жүзүндө кеңири колдонулууда. Эксперттер ислам каржы индустриясынын дүйнөлүк активдери 3,37 трлн доллардан аша турганын болжолдошууда.

КЫРГЫЗСТАНДА КАЙСЫ УЮМДАР ИСЛАМ ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА ИШТЕЙТ?

Кыргызстанда ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтүү үчүн Улуттук банктан атайын лицензия алуу керек. Аны финансы-кредиттик уюмдар ала алат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда лицензиялуу беш коммерциялык банк жана сегиз микрокредиттик компания иштеп жатат.

Ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтүүлөр банктык операциялардын бардык спектрин камтыйт, анын ичинде депозиттерди ачуу, накталай акча каражаттарын башкаруу, каржылоо ж.б. кирет. Белгилей кетчү нерсе, исламдык каржылоо принциптери боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр биз жогоруда белгилеген шарият стандарттарына ылайык гана берилет.

Кыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоону беш банктан алууга болот жана аларды «Айыл Банк» ААКсы эң ыңгайлуу шарттарда камсыздайт. 2024-жылдын 1-майына чейин банк төмөндөтүлгөн кошумча баа менен каржылоону ишке ашырат.

Алсак, ипотеканы сом жана АКШ доллары менен 120 айга чейин алууга болот. Сиз үйдү гана эмес, коммерциялык кыймылсыз мүлктү да жеңилдетилген шарттарда сатып ала аласыз.

Банк ислам принциптери боюнча 100 миң сомдон жогору каражат алууга болот.

АВТОКАРЖЫЛОО:

каржылоонун мөөнөтү 60 айга чейин;

валютасы — сом, АКШ доллары;

күрөө — сатылып алынып жаткан автоунаа;

Баштапкы төлөм (хамиш джиддия) сатылып алынып жаткан автоунаанын баасынын 35%дан жогору.

БИЗНЕС КАРЖЫЛОО:

Каржылоонун бул түрү соода-ортомчулук операциялары, өндүрүш, кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, туризм, мал сатуу-сатып алуу, айыл чарба азык-түлүгүн даярдап, сатуу, мал-жандыкты жана канаттууларды семиртип багып, аларды сатуу, башка коммерциялык иш багыттарга каралган.

Каржылоонун мөөнөтү — жүгүртүү каражаттарды толуктоого 36 айга чейин, инвестицияга 60 айга чейин. Сом, АКШ доллары жана орус рублинде берилет. Эгер сизге 150 000 сомго чейин каражат керек болсо, күрөө талап кылынбайт, ал эми 300 000 сомго чейин керек болсо, кепилдик же кыймылдуу мүлк күрөөгө коюлат, 300 000 сомдон жогору — кыймылсыз мүлк күрөөгө коюлат.

КЕРЕКТӨӨЛӨРДҮ КАРЖЫЛОО:

Жеке муктаждыктарды канааттандыруу үчүн жана башка керектөө максаттарына каралган каржылоо болуп саналат. 300 000 сомго чейин 36 айга чейин берилет, 300 000 сомдон өйдө 60 айга чейин сом менен берилет, күрөө:

150 000 сомго чейин — күрөөсүз;

300 000 сомго чейин — кепилдик же кыймылдуу мүлк;

300 000 сомдон жогору — кыймылсыз мүлк.

За последними событиями следите через наш Твиттер @tazabek

По сообщению сайта Tazabek

Тэги новости: Новости политики
Поделитесь новостью с друзьями