«Келечек» базарынын соодагерлерин мажбурлап көчүрүп жаткан Оштун четиндеги жаңы базардын курулушуна УКМК төрагасынын инисинин досунун тиешеси бар. Кыязы, «Келечекти» тартып алып, көп кабаттуу үйлөр салынат окшойт: Камчыбек Ташиев менен базардын ээсинин ортосунда мурдатан келе жаткан чыры бар.Соодагерлердин чыгымын эч ким төлөбөйт, жаңы базардан орун сатып алууга аларда каражаттары жок, бул аз келгенсип көчкүлө деп берген орун сатуучуларга жайсыз, шаардыктарга ыңгайсыз.