Популярные темы

«Айыл Банк» ААК вискозалык токулбаган материалдардан тиричилик салфеткаларын өндүрүү боюнча «Конурат Трейд» ЖЧКнын өндүрүш кубаттуулугун көбөйтүүгө жардам берди

Дата: 16 июля 2024 в 17:14 Категория: Соңғы жаңалықтар қазақша


«Айыл Банк» ААК вискозалык токулбаган материалдардан тиричилик салфеткаларын өндүрүү боюнча «Конурат Трейд» ЖЧКнын өндүрүш кубаттуулугун көбөйтүүгө жардам берди
Стоковые изображения от Depositphotos

Tazabek — Бишкекте вискозалык токулбаган материалдардан тиричилик салфеткаларын өндүргөн «Конурат Трейд» ЖЧКнын жаңы цехинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. «Айыл Банк» ААК тарабынан берилген каржылоо 495 000 АКШ долларына тазалоочу салфеткаларды өндүрүү үчүн жогорку өндүрүмдүү ийне өткөрмөлүү линиясын лизингге сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.

«Конурат Трейд» ЖЧК Борбор Азиянын аймагындагы вискозалык токулбаган кездемени чыгаруучу жападан жалгыз өндүрүүчү болуп саналат. Өндүрүш кубаттуулуктары Кыргызстанда жайгашкандыктан, компаниянын Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын рынокторунда натыйжалуу атаандашууга мүмкүнчүлүк берет. Рыноктун потенциалдык сыйымдуулугу бул үч өлкөнүн калкынын жалпы саны менен аныкталат.

Өндүрүлгөн салфеткалар жергиликтүү рынокто ийгиликтүү түрдө дүңүнөн сатылууда. Компания «Фрунзе» (Азия Трейд) жана «Глобус» сыяктуу ири гипермаркеттер менен келишим түздү. Ошондой эле жергиликтүү дүң сатып алуучулар менен заводдон түз сатып алуу боюнча макулдашуулары бар. Буга кошумча катары, компания өз продукциясын Казакстан менен Өзбекстандын рынокторуна экспорттой баштады.

Продукциянын жогорку сапатын камсыздоо үчүн негизи чийки зат – вискоза – Австриядан импорттолот, ал эми кошумча полиэфирдик булалар Кытайдан келет. Жаңы линияны киргизүү атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик өндүрүштүн кубаттуулугун бир кыйла көбөйтүүгө, Бишкек шаарынын тургундарына кошумча жумушчу орундарын түзүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн салыктар жана жыйымдардын эсебинен көбөйтүүгө шарт түзөт, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнө жана өнөр-жай ишмердигинин көбөйүшүнө өбөлгө болот.

За последними событиями следите в Телеграм-канале @tazabek_official

По сообщению сайта Tazabek

Тэги новости: Соңғы жаңалықтар қазақша
Поделитесь новостью с друзьями