Популярные темы

«Айыл Банк» ААК Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө

Дата: 18 августа 2023 в 10:54 Категория: Новости экономики



Стоковые изображения от Depositphotos

Tazabek — Контрактты банктык коштоо (КБК) боюнча кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу банк болуп саналат.

Контрактты банктык коштоо — бул ыйгарым укуктуу банк тарабынан банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде:

⁃ төлөм жүргүзүү;

⁃ акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу банк тарабынан ачылган өзүнчө эсепте, ушул контракты аткаруунун алкагында башка адамдар тарабынан контракты аткаруунун жүрүшүндө берүүчү жана бардык тартылгандар ишке ашыруучу эсептөөлөргө мониторинг жүргүзүү;

⁃ сатып алуучу уюмга контракттарды банктык коштоонун жыйынтыктарын жеткирүү.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө КБКны колдонуунун максаттары:

— мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;

— сатып алуучу уюмдардын финансылык жана салыктык тобокелдиктерин минималдаштыруу;

— мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткаруунун ачыктыгын камсыз кылуу.

Контракттарды банктык коштоо эмне берет жана анын артыкчылыктары:

Контракттарды банктык коштоо – келишимди аткаруунун алкагында келишимди аткаруунун жүрүшүнө катышкан бардык башка жактар тарабынан ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсеп боюнча жүргүзүлгөн эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүү, каражаттардын максаттуу сарпталышын көзөмөл кылган, жана сатып алуучуга каражаттын сарпталышы боюнча маалымат берүүчү банк тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын жыйындысы.

Контракттарды банктык коштоо эмне берет?

• Товар өндүрүүчүлөргө жана иштин соңку аткаруучуларына каражаттарды жеткирүү;

• Келишимди аткаруу боюнча тараптардын ортосундагы ачык-айкын эсеп жүргүзүү;

• Күмөндүү келишимдерди жокко чыгаруу;

• Бааны көзөмөлдөө;

• Салыкка байланыштуу тоболкечиликтерди азайтуу;

Контракттарды банктык коштоонун сиздин бизнесиңиз үчүн артыкчылыктары:

• Банк сиздин бардык келишимдерге байланышкан эсептерди коштойт;

• Банктын кеңсесине барбастан, көзөмөл жүргүзүүлөрдүн натыйжалары боюнча кенен отчет алуу мүмкүнчүлүгү;

• Башкаруу параметрлери сиздин муктаждыгыңызга жараша ылайыкташтырылат.

Контракттарды банктык коштоо тууралуу кененирээк маалымат алуу жана суроолорго жоопту алуу үчүн ab.kg сайтынан табасыз.

За последними событиями следите в Телеграм-канале @tazabek_official

По сообщению сайта Tazabek

Тэги новости: Новости экономики
Поделитесь новостью с друзьями