Популярные темы

PR: «Народный» жана Globus дүкөндөрү жаңы касса системасынын базасында өзүн-өзү тейлөөчү кассаларды биринчилерден болуп орнотту

Дата: 02 февраля 2022 в 14:34 Категория: Соңғы жаңалықтар қазақша


PR: «Народный» жана Globus дүкөндөрү жаңы касса системасынын базасында өзүн-өзү тейлөөчү кассаларды биринчилерден болуп орнотту
Стоковые изображения от Depositphotos

Tazabek — 2021-жылдын ноябрь айынан бери «Народный» жана Globus дүкөндөр тармагында алгачкы өзүн-өзү тейлөөчү кассалык аппараттар жеткиликтүү болуп баштаган. Бул технологиянын пайдаланылышы менен кассадагы ачыктуулук жогорулап, сатып алуучуларга кассирдин катышуусу жок эле соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жабдыктар кыргыз, орус жана англис тилдеринде кызмат көрсөтөт. Алгачкы иштер өзүнүн актуалдуулугун көрсөттү. Долбоор 2022-жылы өнүктүрүлөт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөш катары россиялык CSI — төлөө станцияларын жеткирүүчү CSI K жана касса системасын иштеп чыгуучу Set Retail компаниясы тандалган. 2021-жылдын башынан тарта «Народный» жана Globus дүкөндөрүнүн классикалык касса тармактары Set Retail системасына өткөн. CSI үчүн бул Кыргызстандагы алгачкы долбоор.

Set Retail системасы кассалардагы тейлөө чыгымын азайтуу, кассалардын эффективдүү ишмердүүлүгү үчүн даяр функционалдуулукка жетүү жана соода тармагындагы жалпы ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө чакырат. Set Retail бардык кассалар: клавиатура, сенсор, өзүн-өзү тейлөөчү түрү менен иштейт.

Ишке киргизүү аракеттери 2020-жылы аймактагы демөөрчү «Урматтуу» ЖЧКнын колдоосу менен башталган. CSI адистери Set Retail системасын дүкөндөрдүн ERP-системасы, «ШТРИХ-М» фискалдык каттоочу, банк терминалдары, электрондук капчыктар менен интеграциялап, кассадагы маалыматтарды эки тараптуу алмашуу жана процесстерди максималдуу түрдө оптималдаштыруу үчүн өнөктөш банктар менен иштешти.

CSI иштеп чыгуучулар мындан тышкары Set Retail системасын сатуудан түшкөн салык эсебин колдоо үчүн жергиликтүү мыйзамдын негизинде иштеп чыгышкан. Бул алгач системанын архитектурасында болгон эмес.

2021-жылдын башында пилоттук алгачкы кадамдар башталган (Globus жана «Народный» дүкөндөрүндө). Андан кийин компаниянын ИТ-адистери башка дүкөндөрдө системаны тираждоо иштерин өз алдынча жүргүзгөн.

«Чектөөлөр болуп турса дагы CSI командасы менен бирге жаңы системаны дүкөндөрдүн кассаларында ийгиликтүү ишке киргиздик. Ал эми 2021-жылдын аягында өзүн-өзү тейлөөчү кассаларды ишке киргизип, сатып алуучуларга кадимки кассаларда кезек күтүп турбастан эле өз алдынча соода кылууга шарт түзүлдү.

SET түйүндөрүн жаңы каражаттар менен автоматташтыруу боюнча көп пландарыбыз бар. Анын ичинде биз үчүн актуалдуу болгон учурда маркирленген продукция менен иштөө үчүн даяр сервистер.

Ошондой эле вендор дүкөндөрдөгү операциялык процесстерди оптимизациялоо боюнча жаңы жабдыктарды пайдаланууну шарттап, сатып алуу тажрыйбасын жакшыртууга SET экосистемасынын бардык компоненттеринде үзгүлтүксүз жаңылануу менен камсыздаганы биз үчүн маанилүү.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамында өзгөрүүлөр болгондо касса системасын ыгайлаштырууну толук камсыздайт», — деди «ТД Народный»ЖЧКнын IT-директору Лыточкин Михаил.

Жөнөкөй жана түшүнүктүү Set Retail интерфейси кассирдин ишин жеңилдетип, киргизилген функциялар кассалардагы эффективдүүлүктү жогорулатат. Ар кандай системалар арасында — банк терминалдарында, борбордук эсеп системасында маалымат алмашуу ыкчам болуп калды.

Алдыдагы план — Set Prisma кассалык көзөмөл операциялар системасын киргизүү, бааларды белгилөө жана башка иштерди автоматташтыруу үчүн Set Retail модулун пайдалануу.

Маалымат:

CSI (Crystal Service Integration) компаниясы 27 жылдан бери ири чекене соода тармагы үчүн чечимдерди иштеп келет: чекене сооданы автоматташтыруу үчүн программаларды иштеп чыгат жана ишке киргизет, жеке өзүнүн жана дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн кассалык жабдыктарын орнотуп, сервистик колдоо да көрсөтөт.

CSI эмгектери Россиядагы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү 300 соода түйүнүндө, 13 миң дүкөндө пайдаланылууда. CSI берген негизги продукт — Set Retail соодасын автоматташтыруучу чечимдер.

https://www.crystals.ru/

По сообщению сайта Tazabek

Тэги новости: Соңғы жаңалықтар қазақша
Поделитесь новостью с друзьями